Египеттик окумуштуулар Дейр-эль-Бахаридеги падышалардын көрүстөнүнөн «кыйкырып жаткан мумиясы» табылган аялдын өлүмүнө эмне себеп болгондугун аныкташты. Бул тууралуу Ahram Online басылмасы билдирген.

Окумуштуулар мумияга компъютердик томография өткөрүшүп, египеттик ханбийке капысынан каза болгондугун аныкташкан. Башкача айтканда, ал коронардык артериялардын атеросклерозунан улам келип чыккан приступтан кайтыш болгон.

«Кыйкырып жаткан аялдын мумиясы» 1881-жылы Луксордогу фарондун үй-бүлө мүчөлөрү коюлган көрүстөндөн табылган. Египеттик ханбийке денесинин бир башкача абалда жатышы менен окумуштуулардын көңүлүн өзүнө бурган: буттары бүгүлүп жана кайчылашып жатса, башы оңго бурулуп, оозу аңырайып ачылып калган.

Окумуштуулардын оюу боюнча ханбийкени жакындары өлүп калгандан кийин бир нече саатан соң гана көрүшкөн жана бальзамдоо учурунда денесинин абалын ошол боюнча калтырууну чечишкен.

Ханбийкенинин ким экендиги азырынча так аныктала элек. Болжолдоолор боюнча ал фараон Рамзес IIнин кызы Мерет Амон (б.з.ч. 1279-1213-ж.ж.) болуусу толук ыктымал.