Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү мекендештерин такталбаган маалыматтарды таратууда жоопкерчилик каралгандыгын эскертет.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын аймагында биздин жарандарга карата же Кыргызстандын жарандары тарабынан жасалган укукка каршы аракеттер боюнча тарап жаткан ар кандай маалыматтарды көзөмөлдөп турат. Жакында маалыматтык агенттиктерде Екатеринбургда кыргыздар менен тажиктер арасында мушташ болгон видео чагылдырылган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча 2020-жылдын 19-июль күнү Екатеринбург шаарынын райондорунун биринде кыргыз жана тажик улутундагы жаштардын катышуусунда мушташ болгон.

Бул чыр-чатак кыргыз улутундагы кызга тажик улутундагы жаш адамдар тийишип койгондуктан келип чыгып, ар бир тараптан 10-15 жакын адам катышкан. Алардын көбү РФдин жарандары болот. Кыргыз улутундагы улуу адамдар тарабынан мушташтын күчөп кетишин алдын алууга мүмкүн болгон. Ошондой эле, кыргыздардын жана тажиктердин коомдук диаспоралык уюмдарынын мүчөлөрү менен активисттер дагы тартылган. Жайынтыгында мушташтан денесинен ар кандай жаракаттарды алгандар бар.

Россиянын ИИМдин аймактык бөлүктөрү тарабынан бул факты расмий катталып, азыркы учурда полициянын кезметтери күчөтүлүп, кайгулдоо жүргүзүлүүдө. Андан сырткары, ошол эле күнү «WhatsApp» социалдык тармагында кыргыз жаштары тарабынан тажиктер кыргыз баланы өлтүрүп салды деген жалган маалыматтар тарай баштаган. Маалыматта 20-июль күнү Екатеринбург шаарында чогулуп, тажиктерден өч алууга чакырышкан.

Массалык кагылышууну болтурбоо менен кырдаалды жөнгө салуу үчүн “Урал Элдеринин үйү” коомдук уюмунун имаратында кыргыздардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү тарабынан кыргыз жана тажиктердин коомдук уюмдарынын мүчөлөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлөт.

Азыркы учурда, Россиянын ИИМдин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын полициясынын 11-бөлүмү тарабынан катталган материал боюнча алдын ала текшерүү иштери жүрүп жатат жана анын жйынтыгы менен тиешелүү чаралар кабыл алынат. Андан соң, ошол эле күнү кыргыздар тарабынан «WhatsApp» мессенджери аркылуу агрессивдүү маанайдагы адамдар өз мекендештерин болуп өткөн чыр-чатакты күч менен чечүүгө чакырып, анын жыйынтыгы менен 30-40 кыргыздар менен андан эки эсе көп тажиктер топтолгон видео тараган. Бул окуя күбөлөр жана мушташка катышкандар тарабынан видеого тартылып алынып, ал россиялык ЖМК аркылуу тарап, эки кыргыз жабыр тартканы жана алардын абалы канаттандыраарлык экендиги айтылган. Ошондой эле, кайра «WhatsApp» мессенджерин колдонгон кыргыздар чыр-чатактан эки кыргыз өлтүрүлгөнү жана аларга кайра күч колдонуу менен жооп берүү үчүн 2020-жылдын 22-июлунда чогулууга чакырышкан видео тараган. Жогоруда боло турган чыр-чатак Екатеринбург шаарынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан алдын алынып, бардыгы кармалган.

Азыркы учурда топтолгон материалдар боюнча Россиянын ИИМдин Екатеринбург шаары боюнча кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү мекендештерин мессенджер жана социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү маалыматтарды кылмыш жоопкерчилигине тартылып калбоо үчүн таратуудан алыс болууга чакырат. Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү интернет булактарындагы жана социалдык тармактардагы жайылып жаткан маалыматтарды көзөмөлдөп келет. Эгерде укукка жат контент табылган болсо, келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте тиешелүү чараларды көрөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы