Кечээ, 21-июнда Президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчыларды кабыл алган. Тизмеде Эрнис Бөрүбаев, Алтынай Нарбаева жана башкалар чакырылган эмес. Ырчы Нарбаева соцтармактагы баракчасына буларды жазып калтырды.

Кутман таң ЗАМАНДАШТАР!!! Көп ойлондум, сиздер кабатырланып суроо узатыпсыздар,жооп берейин.Ар бириңиздерге: баамчыл,көрөгөч,баалоо,кадырлоо саппаттарыңыздарга, ЖҮРӨГҮҢҮЗДӨРГӨ, СЕЗИМИҢИЗДЕРГЕ  таазим. Дегеним, кече АЖОБУЗ СООРОНБАЙ ШАРИПОВИЧ ыктыярчылар менен жолушканына 12 ыктыярчы барыптыр, сүйүндүм.Жаштарга ак жол!!!Баарыңыздардан: “Бөрүбаев Эрнис, Нарбаева Алтынай кана?” деген эле суроолор. Биздин эмгек МИЛДЕТ эмес,ИНСАНДЫК, АТУУЛДУК ПАРЗЫБЫЗ! Биз чакырылбадык, уюштуруучулар деле, барган жаштар деле улууларды унутуптур. Менде андай сапат жашабайт, менден улуу биринчи, анан мен дейм,баарыңыздар күбө…. Капачылык жок… Мунун баары маданият.”Аттан жыгылсак да, салттан жыгылбайт КЫРГЫЗ ЭЛИ!!!”. “МЕН дебей,биз деген КУДАЙГА да жагат….”Мен өтө жөнөкөй, карапайым аялмын, мугалиммин, ырчымын, бирок, баарын байкайм, көрөм, ичимде калат… Мага ошол жөнөкөйлүк сапат куп жарашат, жагат… Өзүмдү ошол жөнөкөй жүргөндөн эргүү алам, толук кандуу сезем.Мен сахнада эмесмин, муктаж үй-бүлөгө, ооруп турган бир тууганыма жасанып баруу – өзү чоң КҮНӨӨ!!! Чоң сахнага 32 жашымдан чыктым, азыр 50дөн аштым. АЛЛАГА чексиз шүгүр. Кумурскадай эмгектенем, 15 жылдан ашты, репертуарыңды жаңылайсың, жылына отчеттук концерт берем,оңой иш эмес,чоң түйшүк…Эмнегедир чет өлкөлөргө концерт менен барууда, мамлекеттик концерттерде Нарбаева эч жазылбайт. Мурдакыларды айтпайың, өткөндөгү Кытайга концерт, жакындагы Москвага… Репетицияда катышасың , жөнөөргө 1 күн калганда тизмеден чийилесиң… Документтериң АК ҮЙГӨ жетет, кол коюлбай кайтат артка… Мунун баары ӨНӨР АДАМЫНА өтө оор.Ырдамак тургай, сүйлөбөй каласың, көңүлүң айларга, жылдарга өлөт… Жүрөк сыздайт.”Кардыңа эмес,кадырыңа ….”, “ЖАКШЫ болом десең өлүп көр”деп, сөзсүз өлгөндө эске келебизби? АЛЛАГА ШҮГҮР ден соолук бар экен, “ЭМГЕГИМ ЭЛИМ ҮЧҮН!” деп кыйналып, ооруп турган бир туугандардан кабар алууга МУКТАЖБЫЗ!!! “АПАМ жана МЕН” фонду. ЭЛИБИЗГЕ ,ЖУРТУБУЗГА,МЕКЕНДЕШТЕРГЕ ыраазычылыгыбызды айтабыз.. КУДАЙЫМ буюрса,ынтымакта,кол кармашып ЖЕҢЕБИЗ!!! Менде баары жакшы кабатырланбаңыздар, жеңилгенге,чийилгенге,чакырылбаганга түткөн ЖҮРӨГҮМ бар. КУДАЙЫМА, АТА-ЭНЕМЕ, МУГАЛИМДЕРИМЕ ,УСТАЗДАРЫМА миң рахмат!!!!