Алкоголдук ичимдиктер коронавирус инфекциясынан сактабайт жана кооптуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, алкоголдук ичимдиктерди дайыма же чектен ашык колдонуу ден соолукка зыян келтириши ыктымал.

Кыргызстанда коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу менен жалпы 29 миң 359 бейтап катталды. Алардын ичинен 15 миң 851 адам айыгып, 1123 адам көз жумду.