«Манас» эл аралык аэропортунда 22-июлда «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстанга Түркиядан 341 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.

Бул каттам дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруунун негизинде жетишилген эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Түркия Республикасы тарабынан эл аралык авиабилдирүүлөрдү жандандырууга жана чет элдик жарандарга кирүүгө чектөөнү жоюуга байланыштуу аталган каттам менен Кыргызстанга АКШ, Канада, Бразилия, Корея Республикасы, Чехия, Греция, Албания, Болгария, Венгрия, Словакия, Франция, Украина, Румыния, Швейцария, Италия, Испания, Германия, Польша жана Эфиопиядан транзиттик ташуу аркылуу биздин жарандарды кайтарып келүү мүмкүн болду.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.