Бишкектин соода борборлоруна жана супермаркеттерине кечки саат 9га чейин иштөөгө уруксат берилди. Мэриянын 22-июлдагы токтомуна ылайык, аянты 100 чарчы метрден ашык соода объектилери таңкы 7ден кечки 9га чейин иштесе болот.

Соода борборлорунун ичиндеги даяр тамак-аш сатылуучу жайларга уруксат азырынча жок экени, кафе-ресторандар санитардык талаптарды сактоо менен саат эртең мененки 10дон кечки 8ге чейин ишетесе болору, коомдук транспорттун буга чейин белгиленген иш тартиби ошо бойдон кала берери айтылды. Базарлар кечки 5ке чейин жабылууга тийиш.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу кезектеги чектөөлөр мэр Азиз Суракматовдун чечими менен 2-июлда киргизилген. Аларга ылайык, коомдук транспорт эртең менен саат 7ден 10го чейин, кечинде 5тен 9га чейин гана иштеп, дем алыш күндөрү иштебейт.

Соода борборлору эртең мененки 7ден кечки 7ге чейин гана иштеп жаткан.