Бүгүн уйку келбей отурамын делдейип. Анда сөз башынан болсун. Биринчи жубайым менен 4 жыл жашадым. Жакшы жаман күндөрдү чогуу көрдүк. 2 уулду болдук. Ошентип жүрүп Москвага кеттим. Артымдан кичүү баламды эмчектен чыгарып коюп жубайым бармак эле. Барганыма бир ай болгондо эле жаман кабар келди. Аялым бирөө менен жүргөнүн көрүп калганын бир таанышыман угуп калдым. Ишенип ишенбей звонок кылсам. Ооба башканы сүйүп калдым ажырашам талагымды бериңиз деп калды. Балдарчы? Биздин пландарчы? Себеби эмне? Бир дагы суроомо жооп ала албадым. Балдарды айылга ата энеме таштап кете бериптир. Шылтоосу үйүм, машинам жок экен. Бир стресске түшүп бир айда 10 кг арыктап кетипмин. Ошентип Москвада 2 жыл иштедим. Ата энеме жардам кылдым. Арзаныраак унаа сатып алдым. Айылга келип бир жыл жүрүп 2020-жылдын февралда бир келин табышты туугандар. Күйөөсү менен ажырашканына бир жыл болуптур (ичип келип сабай берчүү экен) баласы күйөөсүндө кызы өзүндө экен.

Ошентип үйлөндүк кызы менен кошуп алып келдим. Аябай жакшы кызматты кылып, тамактын даамдуусун жасап мамилеси да мыкты болчу. Болгону менин кичинекей балам мага жакын болгону үчүнбү анын кызын кызганып урушуп эле туруп алды. Үч күн алдын 4 айдан бери бара элексиң үйүнө барып бир жума туруп кел деп жөнөтүп. Бүгүн кайнене кечинде чалып Айперинин телефону өчүк болтат го үйүңө бардыбы деп чалыптыр. Жок ал дагы 3-4 күн турса керек үйүңүздөрдө десем, жок кой кетейин деп үйдөн кызын ээрчитип чыгып кеткен дейт. Ойго ар нерсе келип кыжаалат болуп олтурсам кечинде келинчегим чалды. «Кечирип коюнузчу мен күйөм менен жарашып алдым» дейт. Күйөөсү жолдон кармап балдарыңы танда же ошол жаңы күйөңдү танда деп шарт коюптур. «Мейли анда бактылуу бол» деп талагын берип уйку келбей ар нерсени ойлонуп жашоо өтүп жатат. Ата энем өздөрүнчө кыжаалат «балам сенин бактың ачылбады» деп. Чынында уялып атамын тааныштардан…. Эмне үчүн бактысыз болуп атат экенмин.

Азыр шүгүр үйдүн эң чоңу болсом да ата энемин колундамын. Үй жай машина бар. Эки иним үйлөнүп бөлүнүп чыгып кетишкен. Инилерим, келиндерим, карындашым баарыбыз намаз окуйбуз. Ата энем мугалим. Менин да кесибим дагы мугалим. Эми бат чечим чыгарып, үйлөнүп алсамбы деген ойлор келип жатат.

Баатыр