Ош шаарында 4 стационар күнү-түнү иштеп жатат. Стационарларда 200гө жакын орун бар.

«»Бүгүн аларга жалпы 662 жаран кайрылды. Ошондой эле, күндүзгү стационарларга кайрылып, дарыланып, айыккан бейтаптардын саны 599. Бейтап оорусунун абалына карап изоляция, ооруканаларга бөлүнөт. Буга чейин оорукана, изоляция, обсервация, стационарларда жалпы 2 миңден ашуун орун даярдалган. Эртең шаардын эки кичи районуна дагы күндүзгү стационарларды ачабыз”, — деп билдирди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов.