Бүгүн, 22-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов оорукана курула турган жайды көрүп чыгып, курулушту тездетүү тапшырмасын берди.
Бүгүнкү күндө оорукана куруу үчүн долбоор даярдалууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Кубатбек Бороновдун онлайн-кеңешмесинде Бишкек жана Ош шаарларына 100 орундуу оорукана курула тургандыгы айтылган. Ооруканын курулушу ушул аптанын ичинде башталат.