Узакка созулган ооруудан улам, 73 жашында техника илимдеринин доктору, профессор Абдырахман Мавлянов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын туугандары кабарлашты.

Абдырахман Мавлянов Россиядагы ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясынын төрагасы, Улуттук Илимдер Академиясынын корреспондент мүчөсү болгон.


Илимий-педагогикалык жаатта, илимпоздор арасында чоң кадыр-баркка ээ . Ал боорукер, интелегент жана билимдүү адам болгон.