Кечээ, 21-июлда Президент Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда элге жардамга кол сунган 12 ыктыярчы менен жолукту. Бул жолугушууга чакырылгандардын арасынан көпчүлүк Алтынай Нарбаева, Ассоль Молдокматова, Мирбек Атабеков, Эрнест Бөрүбаевдерди көрүүнү каалагандарын ачык айтышып, себебин сурашкан. 

Буга байланыштуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси, ыктыярчы Эрнест Бөрүбаев жооп берди.

«Президенттин эмес, Жараткандын тизмесинен чийилип калгандан сактасын! Тизмени түзгөндөр бизди тааныбаса керек. Бирок биз барсак чыныгы көйгөйлөрдү айтмакпыз», — деп жазган ал.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева да тизмеден чийилип калганын айткан.