Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын оюу боюнча адам мээсине жалганган чип гормондордун деңгээлин контролдоого шарт түзүү менен, чиптин ээсине колонка же кулакка такчу приборсуз эле музыка угуусуна шарт түзөт.

«Окумуштуу Остин Говардын суроосуна жооп берип жатып, Маск ал алек болуп жаткан технология (мээге жайгаштырылуучу чип-имплант түзүү менен иш алып барып жаткан cтартап Neuralink) адамдарга чиптин өзүнөн музыка угууга мүмкүнчүлүк берерин, ал тургай Neuralink «гормондордун деңгээлин контролдоого жардам берет»-деп кошумчалаган.

Мындан сырткары, Маск: «гормоналдык фондду контролдоонун натыйжасында адамдардын ар нерсеге чоочулай берүүсү жоголуп, жасап жаткан ишине алда канча олуттуу маани берип калышат. Чип организмден окситоцин, серотин жана башка химиялык заттардын чыгуусуна шарт түзөөрүнө» ишенерин белгилеген.