Демократиялык партиядан президенттикке талапкер катары катталган Жо Байден АКШ президенти Дональд Трампты «алгачкы улутчул президент»-деп атады.

Байден менен болгон пресс-конференцияда шайлоочулардын: «Коронавирусту Трамп ар дайым «кытайлык вирус» же уханьдык вирус»-деп атап келе жаткандыгына кандай карайсыз» деген суроосуна саясатчы ал болгону «улутчулдукту кеңири жайылтууда»-деп жооп берген.

Байдендин мындай билдирүүсүнө соцтармактардын пайдалануучулары алгачкы президент Жорж Вашингтондон тартып АКШнын бир катар президенттери кул ээлөөчүлөр болушканын, ал эми 28-президент Вудро Вильсон (1913-21-ж.ж.) сегрегация (элдерди топторго мажбурлоо иретинде бөлүү) маселесинин демилгечиси катары билишерин эскертишкен.