Verge басылмасынын маалыматына ылайык Tesla башкы директору Илон Маск Американын Техас штатынынын Остин шаарында жаңы завод пайда болорун билдирген.

Басылманын маалыматы боюнча компания курулуш иштерин баштаган. Ал эми Масктын айтуусу боюнча жаңы завод эл үчүн ачык, башкача айтканда «ал жер экологиялык бейиш» болмокчу. Заводдун аянты болжол менен 849 гектар аянтты ээлейт.

Белгилей кетсек, Tesla Motors компаниясы 2003-жылы негизделген. Компаниянын штаб-квартирасы Калифорния штатынын Пало-Альто шаарында жайгашкан. Электроунаалардан сырткары, компания батареялар менен электр кыймылдаткычтарын өндүрүп, Toyota жана Daimler өңдүү автоунаа куруучу компанияларга сатып келет.