Бразилияда коронавирус менен байланышкан учурлардын саны 67 860 учурду түзүп, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Пандемия жарыяланган күндөн тартып өлкөдө бардыгы болуп COVID-19 байланыштуу 2.2 млн учур катталган.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча инфекция таралып жаткан мезгил аралыгында бардыгы болуп 2 227 514 учур аныкталса, аталган илдеттен 82 771 пациент каза тапкан. Ал эми бир сутка ичинде катталган өлүм саны – 1284.

Белгилей кетчү нерсе, Бразилия учурда коронавирус илдети менен жабыркагандардын саны боюнча дүйнө жүзүндө экинчи орун ээлейт.