АКШ президенти Дональд Трамп акыркы учурларда криминалдык кырдаал күч алып кеткен Чикаго жана өлкөнүн башка бир катар шаарларына федералдык күчтөрдү кошумча жөнөтүү жөнүндө жар салды.

«Акыркы жумаларда каржылоону токтотуп, полиция департаментин таратып жиберүү сунушу менен чыгып жаткан радикалдык солчул кыймылдар башталды. Мени мурдунан алысты көрө алышпаган саясатчылардын полицияга каршы бул кыймылды колдоп жаткандыгы таң калтырат», — деди Трамп Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө.

«Дал мына ушундай аракеттер адам өлтүрүүлөрдүн жана башка зордук-зомбулук менен байланышкан кылмыштуулуктун кескин көбөйүп кетүүсүнө алып келди. Бул баш аламандык токтошу керек жана ал сөзсүз токтойт. Мен бүгүн мына ушундай көрүнүштөр орун алган муниципалитеттерибизде федералык укук коргоо органдарын кескин көбөйтүү тууралуу жарыялайм»-деп кошумчалады Трамп.