Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун билдирүүсүнө ылайык дүйнө жүзү боюнча бир сутка ичинде коронавирус учурларынын саны 202 миңге көбөйүп, аталган илдеттен жабыркагандардын саны 15 миллиондон ашты.

Аталган Уюмдун акыркы маалыматтарына ылайык сутка ичинде 202 726 жаңы учур катталып, бардыгы болуп 4286 пациент бул дүйнө менен кош айтышты. Ошентип, аталган илдетке байланыштуу аныкталган учурлардын жалпы саны дүйнө жүзү боюнча 15 миллион 424 адамды түзсө, каза болгондордун саны 612 054 адамга жетти.

Оору жуктуруп алуулардын саны негизинен Түндүк жана Түштүк Америкада катталган — 7 811 127, Европада ал — 3 124 701.