Кыргызстандын Түштүк Кореядагы жана Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылган. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Чакырууда ал суракка бүгүн саат 9.00дө келиши керектиги жазылган.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Кылычбек Султан кыргызстандыктарды 5-августта президенттин импичментине каршы митингге чыгууга үндөгөн.