Базар-Коргон районунда белгисиз адамдар 90 жаштагы пенсионерге кол салышты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өз булактарына таянуу менен жазды.

Кол салуудан кийин пенсионер киши ооруканага жатканы такталды.

Карыяга операция жасалган. Азыр анын абалы канааттандырарлык.

Маалым болгондой, кол салуу 10-июлда болгон.

«Мени эмне үчүн уруп-сабап жатканын түшүнгөн жокмун. Ооруканага барганымда менин башым жаракат алган, ички органдарым жабыркаган экен. Мен өлүмгө жакын калдым. Муну жасаган адамдарга адилет чара көрүүнү суранам ”, — деген ал.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы пенсионерди сабоо фактысын тастыктады. Учуда шектүүлөрдү кармоо иштери жүргүзүлүүдө.