Кыргызстанга орусиялык дарыгерлердин кезектеги тобу келди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн,23-июлда “Манас” аэропортуна Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы келип конду.

Бул учак менен Бишкекке Башкыртстандан 50 медицина кызматкери жеткирилди. Илдетке  каршы күрөшүүдө алар беш топко бөлүнүп иштешет.

Медициналык делегациянын курамында хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонолог жана башка адистер бар. Буга чейин алар баары коронавирусту дарылоого катышканы жана Кыргызстанда үч ай иштээри айтылды.

Башкыртстандык дарыгерлер Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ооруканаларына бөлүштүрүлөт.