Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактары боюнча иш сапарларын улантууда.
Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына караганда, бүгүн, 23-июлда, өлкө башчы бир күндүк иш сапары менен Талас облусуна барат.
С.Жээнбеков пандемия шартында аймактагы айыл чарба, билим берүү, медицина жана энергетика объектилеринин иши менен таанышат.