«Аэрофлот» авиакомпаниясынын борту менен «Москва – Ош» аба каттамы аркылуу 301 мигрант Кыргызстанга кайтты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Учакта негизинен студенттер, боюнда бар жана жаш балдарын колуна кармаган аялдар, оорулуулар, жакындарын жоготкондор жана турмуштук катаал кырдаалга кабылган жарандар келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспора өкүлдөрүнөн, Москвадагы медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия түздү.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча пандемия башталгандан бери 60ка жакын өлкөдөн 30 миңдей кыргызстандык мекенине кайтып келди.