Борбор калаада  күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандардын саны өткөн күндөргө салыштырмалуу дагы азайды. 22-июлга карата борбор калаадагы медициналык жайлар 3 миңден ашуун жаранды кабыл алды.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, акыркы суткада күндүзгү стационарларга 2 миң 905, түнкү стационарларга 581 жаран кайрылды. Соңку 3 суткада каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 63 миң 130 жаран күндүзгү медициналык жайга кайрылып, анын 330у ооруканага жаткырылган. Ал эми түнкү стационарлар 4 миң 898 жаранды кабыл алып, 16сы бейтапканаларга жаткырылды.