Өзгөчө кырдаалдар министри Аскаров Замирбек Марипбаевич Социалдык баракчалардын колдонуучуларынан берилип жаткан суроолорго жооп берди. Бул тууралуу ӨКМдин Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Дезинфекциялоо иштеринен кийин пневмония менен ооругандар көп болууда?-деген суроого:
«-Дезинфекциялоочу каражаттардын партиясы кегенде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери корутунду берүү үчүн аны мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жергиликтүү борборлоруна экспертизага жиберишет. Лабораториялык текшерүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин, Санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкерлери чечимди андан ары даярдоо боюнча сунуштарды беришет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин 2020-жылдын 30-мартындагы кат аркылуу берген көрсөтмөгө ылайык дезинфекция аралашмасын төмөндөгү тартипте колдонулат.
10 литр сууга 100 грамм гиплохлорит Са порошогу
2 даана хлор таблеткасы Хлормисептик-Р
100 литр сууга 1 килограмм гиплохлорит Са порошогу
20 даана хлор таблеткасы Хлормисептик-Р
1000 литр сууга 5 кг гиплохлорит Са порошогу
200 даана хлор таблеткасы Хлормисептик-Р
кошулмалары кошулат.
Башкача айтканда дезинфекциялоо иштери Саламаттыкты сактоо министрлигинин нормаларына ылайык жүргүзүлүп жатат.
Кошумчалай кетсем социалдык түйүндөрдөн келип жаткан ар бир сурооңуздар жоопсуз калбайт. Ар дайым жооп берүүгө даярмын.»-деп жооп берген министр.