Россиянын Ямало-Ненец автономиялуу округунда  эки жаран  мас абалындагы досун эсин жыйыш үчүн  бассейнге ыргытып жиберген. Бул тууралуу орсуялык маалымат каражаттарында кабарланды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 22-июнда, түштөн кийин Губкинский шаарындагы саунада үч киши спирт ичимдиктерин ичип эс алышкан. Алардын экөө 54 жаштагы досунун аябай мас экенин жана тезинен аны соолуктуруу үчүн  аны бассейнге ыргытышкан. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, алар досунан жашоонун белгилери байкалбай калгандыгын көрүп, тез жардамды чакырышат. Келген дарыгерлер досунун каза болгонун айтышат.

Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгоду.