Быйылкы жылы сырткы карыздарды, өзгөчө Кытай Республикасына болгон карыздарды төлөө мөөнөтү келип, ал ортодо пандемия башталып мамлекет бычак мизине келип калган. Президент Сооронбай Жээнбеков дал ушул абалды учурунда баамдап, өкмөткө, каржы министрлигине сырткы карыздарды төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча тапшырмаларды койгон. Тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн кийин Кыргызстандын карыздарын артка жылдыруу боюнча Кытай тарап жооп берип, мөөнөттү узартты. Бул да болсо бийликтин алгылыктуу кадамы.