Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 15 жаштагы окуучу кыз бир тууган агасынан үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда көз жарган. Учурда ал ымыркайдан баш тарткандыктан, азырынча наристени таежеси карап жатат.

Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси Гүлнур Омошеванын айтымында жакындары кыз наристе күтүп жатышканын билген эмес. 

Кош бойлуу келинди аймактык ооруканасы кабыл албай койгондон кийин, шаардык төрөтканага барышкан. Секелек качан гана ооруканага келгенде толгоо тартып жатканын билип, салмагы 3 кг баланы төрөгөн. Азыр эне-баланын ден соолугу жакшы, бирок каны бир болгондуктан саламаттыгында маселе жаралышы мүмкүн.

Эске сала кетсек, 9-класста окуган карындашын 20 жаштагы бир тууган агасы мындан бир жыл мурун октябрь айында мас абалында зордуктаган. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, Сузак райондук соту 18-июлда шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «16 жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кыздын апасы мындан эки жыл мурун Орусияга акча табуу үчүн кеткен. Ал эми сегиз бир тууган атасынын кароосунда болушкан.