Теле алып баруучу Жийде Зоотбекова баланы сүннөткө отургузуу боюнча пикирин билдирди. Анын айтуусунда, болочоктогу уулун сүннөткө отургузбоону пландап жүргөн.

«Баланы отургузуу деген бар го, мен ойлойм да. Башка улуттарда андай жок эле жакшынакай эле тукумун улап жүрүшөт го. Бул салт эскирип калган жокпу? Келечекте мен баламды ошондо сөзсүз отургузушум керекпи? Мисалы Африкада кыздарды отуругузат. Бизде андай жок. Жакшынакай эле эне болуп, жар, жубай болуп жүрүшөт го»,-деди Зоотбекова.

Бул билдирүүдөн кийин соцтармактын колдонуучулары бир катар ойлорун калтырышып, ислам дининде жана кыргыздын каада-салтында эркек бала сөзсүз сүннөткө отургузуу керектигин, ал парз болуп эсептеле турганын баса белгилешкен.