Кытай жана АКШ консулдуктарынын ортосундагы тирешүү күн өткөн сайын күч алууда: Доналдь Трамп Хьюстондогу (Техас штаты) КЭР консулдугунан соң башка дагы, айталы Сан-Францискодогу консулдук дагы жабылаары мүмкүн экендигин жар салган.

АКШ бийлиги Сан-Францискодогу дипмиссиянын имаратында буга чейин Калифорния Университетинде иштеген кытайлык окумуштуу-биолог Цзюань Тан жашырынып алган, өз кезегинде ал америкалык визаны манипуляциялоо жана кытайлык аскер адамдары менен байланыш түзүү иш-аракеттери боюнча шектелип жаткандыгын билдиришкен.

Кытай бийлиги америкалык бийликтин бул аракеттерин саясий провакация деп атаса, байкоочулар ортодогу конфликтин эскалациясы олуттуу мүнөзгө ээ болуп бара жаткандыгын, ал тургай кансыз согуш жыттана баштагандыгын эскертишүүдө.

Белгилей кетсек, америкалык бийлик КЭРден 72 саат ичинде Хьюстондогу өз өкүлчүлүгүн жабууну талап кылган. Буга чейин АКШ бийлиги кытайлык хакерлер Covid-19га каршы вакцинасын иштеп чыгуу тууралуу маалыматтарды уурдоого аракет жасашкандыгын айтып чыгышкан.