“Манас” эл аралык аэропорту 23-июлда «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстанга Россиядан 208 КР жараны келди, алардын арасында жаш балдар бар.

Чартердик каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна Кыргызстанга кайтып келүүгө муктаж болгон КРнын жарандарынын кайрылууларынын кезегинин тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасашкан адамдар, депортацияланган жарандар жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан Кыргызстандын жарандары болгон студенттер киргизилген. Бул каттам менен КР жарандары Новосибирск, Забайкаль жээгинен, Алыскы Чыгыш, Алтай Республикасынан, Кемеров жана Сахалин облустарынан келишти.

Мындан тышкары, Кыргызстанга коронавирус инфекцияга каршы күрөшүүгө жардам берүүнү каалаган 8 медкызматкер-ыктыярчылар келди.

Бул каттам менен Кыргызстанга Новосибирск облусунда түзүлгөн кыргыз диаспорасынан 700 миң рублдан ашык өлчөмдө медициналык аппаратуралардан, дары-дармектерден жана шаймандардан турган гуманитардык жардам келди.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.