Екатеринбург шаарында дем алыш күнү кыргыздар менен тажиктердин ортосунда болгон окуядан кийин социалдык тармактарда «тажиктерди жазалоо жөнүндө» терс чакырыктар тарай баштаган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылдын 21-июлунда кыргыз жана тажик улутундагы белгисиз адамдар Москванын аймагындагы коомдук жайда массалык түрдө мушташышкан. Жогорудагы факты боюнча Россиянын ИИМдин Түндүк-административдик округунун башкы башкармалыгынын Москва шаары боюнча ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) менен кылмыш ишин козгогон.

Жогорудагылардын негизинде Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгы тажиктер жана кыргыздар тарабынан ар кайсы мессенджерден укукка каршы иш-аракеттерди жасоого чакырган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде текшерүүнү баштаган.

Аталган факты боюнча шектүү катары Кыргыз Республикасынын 9 жараны жана Тажикстандын 9 жараны кармалып, Москва ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан улуттар аралык чыр-чатакты болтурбоо боюнча алдын алуу-түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.