Мурдагы элчи Кылычбек Султан кечээ, 23-июлда кечке жуук сурактан чыкканын, бүгүн, 24-июлда түшкө чейин жана кечке маал дагы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) бара турганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

“Тилекке каршы, сурактын маңызы тууралуу азырынча айтууга тыюу салынды. Бирок соңку күндөрү болуп жаткан тенденция аркылуу өзүңөр деле түшүнсөңөр болот”, — деди мурдагы элчи.

Буга чейин Кылычбек Султан бийликти сындап жазганы үчүн суракка чакырылып жатышы мүмкүн экенин айткан. Атайын кызмат мурдагы элчи кайсы иш боюнча чакырылганын кабарлай элек.

Кылычбек Султан «Фейсбуктагы» баракчасына 5-августта президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча нааразылык акциясы болорун жазган. Интернетте пандемия шартында бийликтин кетирген кемчиликтерин, коррупцияга каршы күрөш начар болуп жатканы тууралуу сын пикирлерин жазып келген.

Кылычбек Султан 2018-жылдын декабрында Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган.