Бразилияда COVID-19 илдетинин такталган учурлары бир сутка ичинде 59 961ге жетип, жалпы жолунан 2 287 475 адамды түздү. Бул тууралу өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги билдирген.

Учурда аталган илдеттен бардыгы болуп 1 570 237 пациент айыккан.

Соңку 24 саат ичинде коронавирустан 1 311 адам каза тапкан жана пандемия башталгандан бери ал 84 082 адамды түзгөн.