АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео КЭРге каршы туруу боюнча жаңы альянс түзүү зарыл жана ага Россияны тартуу зарыл деп эсептейт. Помпеонун оюу боюнча Кытай учурда бир кездерде СССР кетирген катаны кетирүүдө.

Мамлекеттик катчы КЭРге каршы «демократиялык альянсты» каршы коюуну сунуштаган. Анын оюу боюнча «эгерде эркиндикти туу туткан дүйнө коммунисттик Кытайды өзгөртпөсө, коммунисттик кытай дүйнөнү өзгөртөт».

Помпеонун Россия боюнча оюу ишке ашуусу күмөн. Себеби, 23-июль күнү В.Путин Россия Федерациясы менен КЭР ортосундагы мамилелер эң жогорку достук мамилеге жеткендигин жар салып, мындай мамиле «Мамлекеттер аралык өз ара аракеттердин үлгүсү» деп атаган.