Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиологиялык илимий-изилдөө институтунун федералдык бюджеттик илимдер мекемесинин клиника-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары, профессор Наталья Пшеничная, ошондой эле Башкортостан Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы россиялык дарыгерлердин тобу менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, россиялык делегация Саламаттыкты сактоо министрлигине 50 миң иликтөөгө керектелген ПЧР-тесттерди жана реагенттерди берди.

Россиялык дарыгерлердин тобунда реаниматологдор, инфекционисттер, пульмонологдор жана отоларингологдор бар. Алар аймактарга барышып, жеринде коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоого катышат. Ошондой эле аймактардагы дарыгерлер үчүн вебинарларды өткөрүшөт.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, Россия тараптын колдоо көрсөтүүсү эки өлкө элдери ортосундагы чыныгы достук жана бир туугандык мамилелердин далили катары саналат. Ал россиялык дарыгерлерге, Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Россия Федерациясынын элчилигине COVID-19 каршы күрөшүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жана өлкөнүн медициналык мекемелеринин жетекчилери катышты.