Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов штабдын мүчөлөрү менен  жарандардын өмүрүн сактап калуу боюнча көрүлүп жаткан иштерди талкуулашты.

Мындан тышкары оорусу өтүшүп кеткен бейтаптардын абалын жакшыртуу үчүн чараларды күчөтүү тапшырмасы берилип, бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин аймактардагы кураторлоруна жана борбор калаадагы  ооруканаларга бекитилген өкмөт мүчөлөрүнүн дарегине премьер-министр сын айтты. 

«Оор абалдагы бейтапты дарылоодо түшүнүксүз жагдайлар болуп жатса, академик, профессор жана клиницисттерден турган эксперттик топко кайрылуу зарыл. Саламаттык сактоо министрлиги жалпы республика боюнча иштей турган дарыгерлердин консилиумунун ишин күчөтүүнү колго алууга тийиш», — деп белгиледи Кубатбек Боронов.