Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-июль күнү саат 02:34тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Көл, Косо-Терек айылдарында, Кара-Көл шаарында жана Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.