Бишкектин кампаларында табылган дары-дармек сатыкка чыкмак. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда дары каражаттары катылган эки кампа аныкталганын айткан. Өкмөт башчынын сөзүнө караганда, кампа ээлеринин максаты таңсыктык маалында препараттардын баасын көтөрүү болгон.

Финпол сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзгөн.

«Тергөө учурунда аталган дары-дармек сатыкка чыгаруу үчүн республиканын аптекаларына жөнөтүлмөгү аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик кызмат дарыга бааны негизсиз көтөрүүнүн алдын алуу боюнча иштерди улантып жатканын белгиледи. Бүгүнкү күндө бааны кымбаттатуу, дарыканаларда кассалык аппараттарды иштетпей коюу, дарыларды алып сатуу, препараттарды тиешелүү документтерсиз сатуу сыяктуу мыйзам бузуулар аныкталган.

Баанын жогорулатылышы боюнча жарандар Финполдун 1955 ишеним телефону аркылуу билдире алат. Мындан тышкары, receivefinpol.gov.kg@gmail.com. дареги да арыздарды кабыл алууда.