Франциянын лидери Эммануэл Макрон, Шамборд сепилине эч жерде эс алууга мүмкүнчүлүгү жок жаштарга арналган программага катышуу үчүн келген. Жолугушуу учурунда Макрон балдар менен футбол ойноого  макул болот.

Оюн учурунда Макрон тепкен топ балдардын биринин башына тийип, бала кулап түшкөн.

Тасмада Макрон беткап тагынып, галстукчан экенин көрүүгө болот.


Шамборд сепили- Ренессанс доорундагы архитектуралык шедевр жана Луар өрөөнүндөгү ири резиденциялардын бири. Ал 16-кылымда Фрэнцис I-нин буйругу менен курулган . Франциядагы киши эң көп келген экинчи сарай .