“Манас” эл аралык аэропорту 24-июлда «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстанга Россиядан 182 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар.

Чартердик каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасашкан адамдар, депортацияланган жарандар жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан Кыргызстандын жарандары болгон студенттер киргизилген. Бул каттам менен КР жарандары Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк — Сахалин, Хабаровск, Владивосток, ошондой эле Сибирь Федералдык округунун башка шаарларынан келишти.

Бул каттам менен Кыргызстанга Новосибирск облусунда түзүлгөн кыргыз диаспорасынан 300 миң рублдан ашык өлчөмдө медициналык аппаратуралардан, дары-дармектерден жана шаймандардан турган гуманитардык жардам келди.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.