Жалал-Абаддын чыгармачыл жаштары таажы илдети жергебизге таркаган алгачкы күндөн бери эл арасында. Мурда алар ар кандай бейөкмөт уюмдар,кайрымдуулук фондулар менен биргеликте жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө,жарандарга азык-оокат таркатышкан. Ошол эле мезгилде бейтаптар үчүн бардык кызматын көрсөтүп жаткан, илдеттин алдын алууга жан үрөгөн ак халатчандардын маанайын көтөрүү үчүн ооруканаларды кыдырып, чакан концерттик программа да тартуулай коюп жатышты.

Ал эми бул ирет “Элим барсыңбы?” Кайрымдуулук фонду менен биргеликте ооруканаларга, күндүзгү стационардык бөлүмдөргө дары-дармектерди таркатып жатышат. Мында алар бир гана областтын борборун эске алышкан жок. Түгөл аймакты кыдырып, бардык аймактык ооруканаларга, стационардык жайларга таркатышат. Бүгүн ошондой дары дарсмектин тобу Бишкек шаарынан келди. Ал дармектер таңкыс делген, азыркы учурда эң зарыл болгон препараттар. Аны ушул эле фонддун мүчөлөру менен биргеликте чыгармачыл жаштар областтын бренддине айланган Курманбек баатыр Аркасынан тосуп алышты.

Ошол жерден кайсы багытка жөнөтүлө тургандыгын аныкташып, бардык район-шаарларга топ -топ болуп, жөнөп кетишти. Бул топтун катарында жаштарга насаатын айтып, керек болсо ак халатчандардын, бейтаптардын маанайын ачуу үчүн жагымдуу ыр арнаганга даяр турган Кыргыз эл артисти Арзыбек Бедияровдун жүргөнү да топ үчүн чоң олжо экендигин белгилешти.

Бүгүнкү сапар тууралуу чыгармачыл топтун жетекчиси, тактап айтканда, ыктыячы өнөр ээлерин баштап жүргөн обончу, ырчы Эмил Балтагулов буларды айфтып берди. (видео) Бул топтун кайфрымдуулук ишщинин жер-жерлердеги аракеттери тууралуу кезек-кезек кеп салып турабыз.

https://www.facebook.com/100046947160292/videos/pcb.166653318242906/166653091576262

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад Медиаборбору