Кечээ, 23-июль күнү Бишкек шаарындагы Борбордук мечиттин кызматкери Акмат ажы Жумагул уулу 46 жашында узакка созулган оорудан кийин мезгилсиз  дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Мындай окуя жалпы жамаат үчүн оор жоготуу болгондугун Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов баса белгилеп, маркумдун жакын туугандарына жана  жалпы мечит жамаатына көңүл айтты.

«Жумагул уулу Акмат ажы көп жылдардан бери динибизге кызмат кылып келе жаткан кесиптешибиз эле. Убагында Чүй облусунда казысынын орун басары, Бишкек шаардык Борбордук мечитте наиб имамдык кызматтарды аткарып келди. Аллах бардык кылган жакшылыктарын кабыл кылган болсун. Арты кайырлуу болсун. Жасаган сооптуу иштерин Аллах Таала кабыл кылсын»,-деди Эрназар ажы.

Акмат ажы Жумагул уулу 1974-жылы Чүй облусунун Ысык Ата районунда төрөлгөн. 2003-жылдан бери дин тармагында кызмат кылып келе жаткан.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жалпы эмгек жамааты жана Бишкек шаарынын казыяты Акмат ажы Жумагул уулунун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.