Пакистандык медик Аббас Али Шах достору менен тоодо токмоктолгону социалдык тармакта тарап, кызуу талкууга алынган. Бул окуя  үчүн кыргызстандык жигит алардан кечирим сурады. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучу Алина Касенова өзүнүн баракчасына жазды.

Анын айтымында, кайдыгер карабаган Бишкек шаарынын тургуну Бакытжан Аманов жабыркаган студенттерди таап, аларды конокко чакырган.

“Бакытжан алар менен сүйлөшүп, элдин атынан кечирим сурады. Бардык эле кыргыздар алар тоодо кездешкен кыргыздардай эмес экендигин түшүндүрдү. Индия, Түркия, Пакистан жана Кытайдан келген студенттердин көпчүлүгү Кыргызстандын университеттеринде билим алышат. Республикага КМШдан келген студенттердин көпчүлүгү келишет. Чет элдик студенттери бар университеттер  жылына 15 миллион доллардан ашык акча табышат. Биз аларды тепкилеп, аттарын атап, шылдыңдайбыз. Чет өлкөлүк студенттер ар дайым бир нече кишиден турган топ болуп жүрүшөт. Документтери жакшы болсо дагы, алар биздин «эр жүрөк» милиционерлердин алдында «белгиленүүгө» мажбур болушат.

Жакында Пакистан менен Индиянын элчилери өз студенттерин Кыргыз Республикасына келбеши керек деген маселени көтөрүшөт. Анан кайдагы өнүгүү», — деп жазган Алина Касенова.

Маалым болгондой Пакистандык студент Бишкектеги стационарлардын биринде иштеп жатканы айтылган. Ал эми кол салууга шектелгендер бир айга тергөө абагына камалды.