Россиянын баш калаасы Москвада милиция кызматкерлери тарабынан эмгек мигранттарын текшерүү күч алды. Бул тууралуу аталган шаарда эмгектенген Надыр Эрмеков билдирди.

Анын айтуусунда, учурдагы кырдаалга байланыштуу Россияда бет кап тагынбаган жарандарга 5000 рубль айып салынган. Бирок, күч органдары басымды орус улутна эмес, Борбор Азиядан келген эмгек мигранттарына жасап жатканына нааразы болду.

«Москвага иштегениме 2 жылдын жүзү болду. Орус бийлиги коронавирус илдетин күчөп кетишин алдын алууда коомдук транспорттордо, дүкөндөрдө, метродо жана жабык мекемелерде милдеттүү түрдө бет кап тагынып жүрүү чечими чыгарылган. Кээ бир учурда шартка жараша мигранттар бет кап тагынбай калса күч органдары «черныйлар» дешип 5000 миң рубль айып пул салып жатышат. Ал эми орус улутундагы жарандарга анчалык айып пул салганын көрө албадым. Тең укуктуулук болуш керек да»,-деди Надыр.