Жаңы Орлеандагы LSU Health университетинин паталогоанатомдору коронавирустан улам каза болушкан 22 пациентти хирургиялык жол менен ачып көрүшүп, инфекциянын жүрөк булчуңунун жабыркоосуна (миокардит) эч кандай тиешеси жоктугун айтып чыгышты. Бул тууралуу 21-июль күнү EurekAlert илимий жаңылыктар сервисине медицина илимдеринин доктору Ричард Вандер Хайде билдирген.

«Биз негизги орой жана микроскопиялык өзгөрүүлөрдү аныктадык, алар өз кезегинде буга чейинки, башкача айтканда SARS-CoV-2 инфекциясында типтүү миокардит оорусу келип чыгат деген түшүнүктү жокко чыгарууда»-дейт окумуштуу.

Белгилей кетчү нерсе, хирургиялык жол менен ачылган 22 пациенттин көпчүлүгүндө гипертония (жогорку кан басымы), айрымдарында II түрдөгү диабет бар экендиги аныкталса, 41 пайызы семирүүдөн жабыркап келишкендиги маалым болгон.