«Өткөн жумада КР Өкмөтү тарабынан облуска 50 кычкылтек концентратору келген. Ал эми, эки күн мурун Өкмөт тарабынан бир тез жардам унаасы да берилип, азыр иштеп жатат», — деп билдирди КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов.

Мындан сырткары, облуста коргонуучу каражаттар жана комбинизон, беткап, антисептик сыяктуу каражаттардын бир айлык запасы бар.

Тагыраагы, беткап 254,502 даана, бир жолу колдонуучу комбинизон 10,451 даана, көп жолу колдонуучу 2618 даана жана 13миң даана респиратор бар. Дары-дармектин саны облуста жетиштүү. Эртең дагы 100 упаковка «Клексан» дарысы облустук ооруканага келери күтүлүүдө.

«Ошондой эле, жалпы 1676 медицина кызматкерине, 18млн 531мин 655сом компенсация төлөндү. Азыркы учурда бул каражаттар толугу менен берилди», — деп кошумчалады ыйгарым укуктуу өкүл.