Жалал-Абад облусунун Ала-Бука РИИБи тарабынан балдардын ден соолугуна, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүлөрдүн алдын алуу багытындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери базарларды, соода жайларды текшерүүгө алышты. Пандемия учурунда чоңдордун көзөмөлү жок көчөдө бейчеки жүргөн өспүрүмдөрдүн ата-энелери милицияга чакыртылып, түшүндүрүү иштери алып барылды.

Мындан сырткары район аймагындагы сууга түшүүчү жайлар текшерүүгө алынды. Өспүрүмдөргө кооптуу аймактарда сууга түшүүгө мүмкүн эместиги жеткирилди.

Ошондой эле ата-энелерге жаш балдарды ар дайым көзөмөлгө алып туруу зарыл экендиги эскертилди.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы