“Манас” эл аралык аэропортунда 24-июль күнү «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмиратынан 142 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар.

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эмират менен жетишилген макулдашуулардын негизинде ишке ашырылган.

Ошондой эле, бул каттам менен Кыргызстанга АКШ, Иордания, Сингапур, Сауд Аравиясы, Германия, Корея Республикасы, Камбоджа, Пакистан, Бахрейн жана Мальдив өлкөлөрүнөн мекендештер кайтып келишти, алар Дубайдын аэропортунан Emirates airlines авиакомпаниясы аркылуу Кыргызстанга транзиттик каттамга отурушкан.

Дубай-Бишкек маршруту боюнча кийинки каттам 31-июлга пландалган, бул каттамдар менен Кыргызстанга БАЭ менен үзгүлтүксүз маалымат алмашууну жандандырган Кыргыз Республикасынын жарандары келе алышат. Авиабилеттерди сатып алуунун алдында жарандар түздөн-түз авиакомпаниядан Дубайдагы ишке ашырылган транзиттик каттамдар жана чыгуучу каттамдарга уруксатты тактоо керектигин эске алуу керек. Дубай аэропортунда транзиттик жүрүү Бишкек шаарындагы ташып кетүү каттамы учканга чейин 24 сааттан ашпашы керек.

Дубай шаарынын аэропортунда каттамга каттоо алдында жүргүнчүлөрдөн коронавирус инфекциясына экспресс-тесттер алынып, жыйынтыктары терс чыккан.

Чет мамлекетте жүргөн кыргыз жарандарынын Кыргызстанга кайтып келүүсү боюнча иштер улантылып жатат.