«Текстиль Транс» компаниясы өлкөбүздөгү ири фабрикалардын бири. Бул компаниянын иши менен жакында эле өлкө башчы таанышып, Саламаттыкты сактоо, Экономика жана Финансы министрликтери тарабынан компанияга тиешелүү иш кагаздар (сертификат) берилбей жаткандыгын угуп кеткени белгилүү болгон. Бул иш сапардан көп өтпөй компания өлкөбүздөгү кырдаалга байланыштуу бет каптардын түрүн тигип чыгышып, бүгүнкү күндө сатыкка чыкты.

Аталган фабрика медициналык бет каптарды 7-10 сомдон, ал эми KN95 үлгүсүндөгү клапаны бар беш кабаттуу респираторлорду 25-60 сомдон сатышууда. Бардык санитардык нормаларга жооп берери анык.

«Эгерде ажо фабриканын иштери менен өз убагында таанышпаганда, бизде дагы деле беткаптар жетишсиз, кымбат бойдон калмак эле. Эмне себептен жалпы журт кыйналып турган учурда министрлер өз кызыкчылыктарын гана ойлошот? Аларды аркасынан гана түртүп, ак эмгек кылууга мажбурлап туруу керекпи? Кыйчалышта турганда жогоркудагыдай бизнестегилерге бут тосуу өтө чоң жаңылыштык. “Көп түкүрсө көл болот” – демекчи, жалпы чиновник сөрөйлөрдү ак дилден кызмат кылууга чакырат элек!»,-дешет компания өкүлдөрү.