КР премьер-министри Кубатбек Боронов 2020-жылдын 1-октябрына чейин салык отчетторун, социалдык төлөмдөр боюнча отчетторду, ошондой эле өнүктүрүүгө жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмгө төлөмдөр боюнча отчеттордун мөөнөтүн узартуу жөнүндө токтомго кол койду.

Экономика министрлигинин билдирүүсүнө караганда, мындай чаралар жарандардын аймактык салык кызматтарында топтолуусунун алдын алуу, коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн жана бизнес коомчулугунун кайрылуусу менен кабыл алынды.

Токтом боюнча 2020-жылдын экинчи кварталы үчүн же 1-июндан 31-августка чейин жеке ишкерлер жана уюмдар 1-октябрга чейин арыз жазбастан отчет бере алышат:

— Кыргызстанга Евразия экономикалык союзуна мүчө өлкөлөрдөн товарларды импорттоодогу кыйыр салыктардан тышкары салык отчетун;

— мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту;

— жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү кармоо жана анын өнүгүүсүнө төлөмдөр боюнча отчет (FORM STI-157).

Белгилей кетчү учур, токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2020-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет, башкача айтканда ал артка карай күчкө ээ. Демек, эгер салык төлөөчү белгиленген мөөнөттө (2020-жылдын 15-20-июлдарында) отчет бере албаса, ага эч кандай жоопкерчилик чаралары колдонулбайт. 

Бизнестен күтүлүп жаткан социалдык жоопкерчиликти өкмөт ар дайым колдойт.

2020-жылдын 3-апрелинде Өзгөчө абалдагы социалдык-экономикалык абалды жөнгө салуу боюнча мыйзам иштелип чыгып кабыл алынды:

—  2020-жылдын 1-апрелинен 1-октябрга чейин салык төлөөчүлөргө күтүлбөгөн күчтөн улам карыз болгон салыктарды төлөө мөөнөтү, банк кепилдиги жөнүндөгү документтерди көрсөтпөстөн эле бир жылга чейин узартылды.

2020-жылдын 1-июлуна чейин ишкерчилик субьектилеринин салык отчетторунун мөөнөтү узартылды.

— Физикалык жактардын жана жеке ишкерлердин 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын тапшыруусу 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды.

2020-жылдын 1-июлуна чейин салык милдеттерин өз убагында аткарбаганы үчүн салык санкцияларын жана туумдарды колдонбоо ченемдери каралды.

2020-жылдын 20-апрелинде КР Өкмөтү кезектеги токтому кабыл алынып анда бизнести колдоочу бир катар чаралар кабыл алынган:

            — камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-июлуна чейин 2020-жылдын 1-мартынан 31-майга чейинки отчеттук аралыктагы мамлекеттик социалдык камсыздоо каражаттары боюнча отчет беришсе болот;

            — 2020-жылдын 1-мартынан 31-майга чейинки отчеттук убакытта өз убагында түшпөй калган камсыздандыруу төлөмдөрүнө туумдар эсептелбейт.

Ошондой эле 2021-жылдын 1-январына чейин төмөнкүлөрдөн башкаларга салык текшерүүлөрүнө тыюу салынды:

            — акциздик топко кирген товарлар өндүрүшүндө жана айлантууда иш алып барган чарба субьектилерин пландуу текшерүү;

            — жеке ишкер өз ишин токтоткондо, өз уюмун жойгондо же реорганизация жасаганда өткөрүлө турган пландан тышкары текшерүүлөр;

            — салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн салыкты туура эмес эсептегендигин далилдеген документалдуу маалыматтарды алган учурда өткөрүлө турган пландан тышкары күтүлбөгөн жана кайра текшерүүлөр;

            —  ӨК/ӨА бүткөндөн кийинки камералдык текшерүүлөр;

Салык процедураларын фискализациялоонун электрондук системасынын (ЭСФ, ЭТТН жана виртуалдуу ККМ) компоненттерин киргизүү мөөнөтү 2020-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылды.

2022-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнө мораторий узартылды.

2021-жылдын 1-январына чейин ишканаларга банкрот процедурасын жасоого убактылуу тыюу салынды.

Май айында өкмөт экономиканы калыбына келтирүү үчүн абдан маанилүү болгон өлчөмү 14,0 млрд. сомдук Антикризистик фондду түзүп, анда ишкерлик субьектилерине жеңилдетилген кредиттерди берүү каралган. К. Бороновдун сөзү боюнча кредиттерди жөнөкөй жол менен берүү бизнести колдоодогу өкмөттүн чечкиндүү кадамы.

Экономика министрлигинен экономиканы калыбына келтирүү үчүн ишкерлик субьектилерди жана ишканалардын ишмердигин стимулдаштыруу максатында финансылык жактан жеңилдетилген колдоочу программа иштелип чыккандыгын билдиришти. Чакан жана кичи бизнес субьектилери эгер алар эсептөөлөрдү жана отчетторду ачык көрсөтө турган автоматташтырылган системаны (ККМ-онлайн, ЭСФ) киргизишсе, анда алар жеңилдетилген кредиттерди ала алышат.

Ошондой эле мекеме тарабынан экспортко багытталган жана импорттун ордун баса турган багыттар боюнча өндүрүштөргө,  регионалдык долбоорлорго, анын ичинде регионалдык маанилүү кластерлерге кирген долбоорлорго  жеңилдетилген кредиттерди берүү ишке ашырылды.

 Мындан тышкары Экономика министрлиги  ӨК/ӨА учурунда ишкердик/экономикалык аракеттер жок болгон (соода точкалары жана кызмат көрсөтүүлөр) обьектилердин салык контракттары боюнча милдеттенмелерин кайра карап жатат, эсептелген үстөк пайыздар, туумдар, салык санкциялары, салыктар боюнча айыптар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоо үстүндө иш жүрүп жатат. Бул боюнча мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, учурда Президентке кол коюуга берилген.

Капиталдарды жана мүлктөрдү аларды сактоого кепилдиктерди берүү менен легалдаштырып жана легалдашып жаткан капиталдын суммасына жараша кандайдыр бир төлөмдөрдөн, салыктардан жана айыптардан бошотууларды ишке ашыруу боюнча иштер жүрүүдө. Бул боюнча да тиешелүү мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, учурда мыйзам Президенттин кол коюусунда турат. Бюджетти түзүүчү ишканалардын ишмердигин үзгүлтүксүз камсыздоо жана көзөмөл жана мониторинг (кураторлук) механизми киргизилди.

Азыркы учурда кризистен кийинки калыбына келтирүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасын андан ары өнүктүрүү боюнча комплекстүү программаны ишке ашыруу жүрүп жатат.